Пандемиядан улам бул жылы Орусиядагы мигранттардын саны эки эсеге кыскарган. Бул боюнча орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, учурда Орусияда 6 миллиондун тегерегинде мигранттар бар. Алардын бир миллиону убактылуу жашоого уруксат кагазы барлар. Ал эми калган 5 миллиондун ичине аталган өлкөдө мыйзамдуу жана мыйзамсыз жүргөн мигранттар кирет.
Ар кандай шарттарда алардын саны 9 миллиондон 11 миллионго чейин жетет.