Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир райондук, шаардык сотторунун, ошондой эле Ош облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун айрым судьялык бош кызмат орундарына дайындоого 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Талант Мамытов тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алып, судьялык кызматка 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Ал эми калган 11 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка сунушталган бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.
Талант Мамытов 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарын чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
Чүй облусу:
Аламүдүн райондук сотуна:
Сокулук райондук сотуна:
Панфилов райондук сотуна:
Токмок шаардык сотуна;
— Ош облусу:
Ош облустук сотуна:
— Бишкек шаары:
Бишкек шаардык сотуна:
Свердлов райондук сотуна:
Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.