Кулактан чоюп, жаакка чаап, бутун тебелеп... Казакстандык жаран баласынын бала бакчада кордолгонун далилдеген 25 видео топтогон

Казнетте наристенин бала бакчадагы тарбиячысы тарабынан кордолгону катуу талкууда. Көпчүлүк интернет колдонуучулар баланын сабалып жаткандагы видеолорун толук көрө алышпагандыктарын, ага жүрөктөрү чыдабаганын жазышууда. Тагыраагы, Казакстандын Рашид Тукешов аттуу жараны социалдык тармактагы баракчасына анын баласын тарбиячысы кулактан чоюп, кээде жаакка чаап, бутун тебелеп, бетке, башка койгулап түртүп, айтор "жырткычтай" эле кол салып кордоп жаткан видеолорун жүктөгөн. Тукешов андагы билдирүүгө ушунча далил турса дагы баласын кордогон аялга карата чара көрүлбөгөнүн, 13 ай чуркап адилеттүүлүккө жете албай койгонун жазган.

"Өз алдымча укук коргоо органдарынан адилеттүүлүккө жете алган жокмун, мындан улам баламды тарбиячысы сабап жаткан видеолорду жарыялайм, коомчулуктан адилеттүүлүккө жетүүгө жардам күтөм", - деп жазган Тукешов. Өзүнүн билдирүүсүнө ал Казакстандын тиешелүү органдарын жазып, аларга кайрыла тургандыгын белгилеген.

Окуя 2019-жылдын ноябрь айында болгон. Анда Тукешовдун үй-бүлөсү баласынын денеси жабыркаганын байкашкан. Бала Атырау шаарындагы угуусу начар балдардын атайын бала бакчасына барат, балага психикасынын өөрчүшү жай деген диагноз коюлган. Буга байланыштуу ал бала бакчада болуп жаткан окуяларды ата-энесине айта алган эмес. Качан гана наристенин денесинен кордолгонун байкап калышканда видеокөзөмөлдөн 25 видеону алышкан. Анда тарбиячы наристени аёосуз уруп жүргөнү жазылган. Видеодон көргөндөй, бала көп учурда тарбиячыны кучактап турат, бирок тарбиячы ага карабастан кулактан чоюп, түртүп, бутун тебелеп кордогон.

Тукешов 13 ай мурун шаардык полицияга жана прокуратурага тарбиячыны жумуштан кетирүү, аны балдар менен иштөөдөн алыстатуу, баласын кордогонуна байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок жыйынтыктуу жооп болгон эмес, ал тургай тарбиячы жумуштан алынган эмес.

Тукешов видеону социалдык тармактарга жарыялагандан кийин ЖМКлар жазып чыгышкан. Андан соң Казакстандын балдар иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ал тарбиячы 2020-жылдын сентябрь айында гана жумуштан алынганын билдирген.

"Мындай учурда бала бакчанын жетекчилиги дагы, тиешелүү башка органдар дагы дароо реакция кылыш керек болчу. Баланын ата-энеси ички иштер департаментине кайрылышкан, учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат", - деген ал.

Ал эми соцтармактын колдонуучулары баланы кордогон тарбиячыга катуу жаза берүү керек деген пикирлерин жазышууда.

Бала бакчада сабалган бала - 3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Supsuluu
2020-12-19 08:56:17
Сволочь. Бала караганга нерв чыдабаса бала бакчада бышырып коюптурбу!!! Эшшек, колун сынгыр.
+5
bekbol2006
2020-12-19 10:29:29
Журогу жок таш боорго максимальный срок керек
+5
nazira...
2020-12-19 18:17:40
Камера турса кантип балага.тийип атат коркпой. Казакстанда да биздин соттордон бар экен да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан