Жаңы жылдан тарта WhatsApp мессенжеринин колдонуучуларына компьютерден чалууларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

WhatsApp мессенжери 2021-жылдан тарта жаңы функциясын ишке киргизет. Тагыраагы, социалдык тармактын колдонуучуларына компьютер аркылуу үн жана видеочалууларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу WhatsApp компаниясынын расмий сайтына жарыяланды.

"Мындан ары колдонуучулар компьютерден да чала алышат. Декабрь айында WhatsApp бул опцияны айрым колдонуучуларга сыноо иретинде берген. Пандемиянын экинчи толкуну ар кайсы өлкөлөрдөгү көптөгөн адамдарды үйдө отурууга мажбур кылып, ошону менен видеочалуулардын жана онлайн-байланыштын популярдуулугун арттырарын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, WhatsApp мессенжеринин дүйнө жүзү боюнча эки миллиарддан ашуун колдонуучусу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан