Тоолуу Карабхта жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 70 күн бою дайынсыз болуп жаткан алты армян аскери табылды. Бул тууралуу таанылбаган Тоолуу Карабхтын президенти Арайк Арутюнян чет элдик басылмаларга билдирген.
Маалыматка ылайык, издөө иштерин Карабахтын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жана Орусиянын тынчтык күчтөрү жүргүзгөн. Аскер кызматкерлери Азербайжандын көзөмөлүнө өткөн аймактардан табылган.
"Биздин алты аскер кызматкерибиз 70 күндөн ашык өлкө үчүн караңгылыкта согушуп, мекенине кайтып келишти", - деген Арутюнян.
Буга чейин Армения-Азербайжан кагылышуусунда 73 армян кызматкери дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.
Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.