
Азербайжан мамлекети өзүнүн көзөмөлүнө өткөн Тоолуу Карабахтагы аймактарды реконструкциялоо үчүн 2 миллиард 200 миллион манат (1 миллиард 300 миллион доллар) коротот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Азербайжан парламентине 2021-жылга карата өлкөнүн бюджетин бекитүү боюнча мыйзам долбоору келип түшкөн. Анда Карабахтагы аймактарды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард 200 миллион манат бөлүнөрү айтылган.
"Бул каражат Тоолуу Карабахтагы шаарларды жана айылдарды реконструкциялоого, электр энергиясын, газ, суу киргизүүгө, байланыш станцияларын курууга, жолдорду, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин курууга жана тарыхый-маданий эстеликтерди калыбына келтирүүгө, ошондой эле турак-жай комплекстерин салууга жумшалат", - деп жазылган маалыматта.