АКШдагы Техас штатынын Сандра Венегас аттуу жашоочусу атасынын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, ошол сүрөткө баяндама жазган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Сандра Венегастын атасы Алехандро Наварро мугалим болуп иштеген. Жогорудагы сүрөт тартылган учурда окуу жылынын аягы болуп, окуучуларга жыйынтыктоочу бааларды коюу зарыл болуп турган. Мугалимдин кызы атасынын жүрөк оорусу бар экенин, ал күчөп кеткенде ооруканага алып келгенин айткан.
"Бирок ал адегенде ноутбук менен анын кубаттагычын жанына алып алды", - деген Сандра Венегас.
"Атам ооруп, кыйналып жатты. Жүрөгү ооругандыктан дарыгерлер күтүүсүздөн жүрөгү сокпой калышы мүмкүн экенин эскертишкен. Атам абдан шашып иштеди, окуучуларына бааларын коюп, окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууга үлгүрөйүн деди. Окуучулар үчүн бул баалар маанилүү экенин эске алып жатты. Ооба, ал үлгүрдү... Дарыгерлер келип абалын сураганда да аларга кыска жооп берип, жумушу менен алек болуп жатты. Мен барганда дагы мага көп көңүл бурган жок, ноутбугун карап соңку жумуштарын берилүү менен жасап жатты. Азыр ноутбугун жаап салып, атам менен кенен маектешип, көп убакытты чогуу өткөрбөгөнүмө өкүнөм", - деген Сандра Венегас сүрөткө жазган билдирүүсүндө. Ал белгилегендей, сүрөт атасынын өмүрүнүн аягында тартылып алынган.
Учурда бул сүрөткө интернет колдонуучулар тарабынан абдан көп реакция болуп жатканы жазылат маалыматта. Баса, Сандра Венегас дагы атасынын жолун жолдоп мугалимдик кесипти аркалаган.