Швейцариялык сүрөтчү Cee-Roo өзүнүн YouTube каналына ар бир адамды кайдыгер калтырбаган окуялар топтомун жайгаштырган. Анын эмгегинен Кыргыз өлкөсүн дагы көрүүгө болот.
Видеодо узап бара жаткан 2020-жылдагы адамзаттын азабы, кайгысы, кырсыгы чагылдырылган.
Кадрдан пандемия, аскердик кагылыштар, араң дем алып жаткан бейтап, карантинден улам үйдө камалып отуруп калгандардын балконго чыккан учурларын көрүүгө болот. Мындан тышкары мамлекеттик төңкөрүштөр, жаратылыш кырсыктары боюнча ирмемдерди дагы көрүүгө болот.