Жер планетасынын тургундары 22-декабрга караган түнү Юпитер жана Сатурн планеталарынын максималдуу түрдө жакындашуусуна күбө болушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Белгилүү болгондой, мындай кубулуш акыркы жолу 1226-жылдын 4-мартында орун алган.
"Юпитер менен Сатурндун жакындашуусу ар 20 жылда бир болот. Бирок максималдуу түрдө бири-бирине жакындашуу жүздөгөн жылда бир боло турган көрүнүш. Мындай кубулушка эми 2400-жылдан кийин гана күбө болууга мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.