Орусиянын Пенза шаарында Кыргыз жана Өзбек жараны азык-түлүк дүкөнүнөн 40 миң рублдук спирт ичимдигин уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, алар башка дагы уурулук кылууга шектелүүдө.
"28 жаштагы Өзбекстандын жараны жана 25 жаштагы Кыргыз жараны Москва облусунда жашаган. Алар Саранск шаарына келишкен. Экөө азык-түлүк дүкөнүнө барып, 3 бөтөлкө кымбат алкоголь ичимдигин алып, акчасын төлөбөй чыгып кетишкен.
Алар Пензенская жана Самарская облустарынын аймагында да алкоголдук ичимдиктерин уурдап жүрүүгө шектелүүдө", - деп жазылат маалыматта.