Сирияда нан тартыштыгы күч алып, өлкө боюнча нандын баасы жогорулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган өлкөнүн президенти Башар Асад Орусиядан төмөнкү сорттогу унду импорттоону пландаган. Бирок акыркы учурда орусиялык экспорттоочулар Сирияга азык-түлүк жеткирүүнү токтотушкан деп айтылат маалыматта.
Сирия бийлиги бул кырдаалды "экономикалык кыйроо" деп түшүндүргөн жана нанды сатууга чектөөлөрдү киргизип, азыктын баасын жогорулаткандар камакка алынарын билдирген. Ал эми оппозициялык күчтөр нандын тартыштыгын өлкөдөгү коррупцияга жана азык-түлүк рыногундагы монополияга байланыштырышкан. Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, Сирияда 9 миллион 300 миң адам азык-түлүк тартыштыгынан жабыркайт.