Францияда белгисиз адам үч полиция кызматкерин атып өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Францияны Пуй-де-Дом департаментинде шаршемби күнү кечинде болгон. Полиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирүү үчүн келишкен. Алар үйгө чатыр аркылуу кирип жатканда 48 жаштагы киши ок чыгарган. Мындан улам 3 полиция кызматкери каза болуп, дагы бири жаракат алган.
Кылмышкер качып кетүүгө үлгүрүп, бирок көп узабай анын жансыз денеси табылган.