Казакстанда 8 жашар кызды апасы жазалоо максатында ич кийимчен сыртка чыгарып койгон

Казакстандын Сары-Арка аймагында аял 8 жаштагы кызын жазалоо үчүн ич кийимчен сыртка чыгарып койгон. Кыздын сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты.

Фейсбук колдонуучусу Ильмира Жумат өзүнүн баракчасына окуя тууралуу жазып, кыздын сүрөттөрүн кошуналар тартып алып, журналисттерге жибергенин айткан.

"Сүрөттөрдүн биринде кыз коридордо уктап жатат. Ал эми башка сүрөттөрдө ич кийимчен, жылаңайлак көчөдө отурганын көрүүгө болот",- деп жазган Жумат.

Нур-Султан шаардык милиция депертаменти жергиликтүү басылмаларга окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирген.

"23-декабрда кечки саат 21:20 чамасында шаардык полицияга Нур-Султан калаасынын тургуну алты жашар баласын уруп, 8 жаштагы кызын көчөгө кууп жибергени боюнча маалымат келип түшкөн. Укук коргоо органдары айтылган дарек боюнча барышып, 35 жаштагы аялды кармашкан. Ал балдары ойнойбуз деп коңшунун кир кыпчыткычтарын уруксатсыз алгандыгы үчүн жазалагысы келгендигин айткан",- деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери жана камкордукка алуу органдары иш алып барып жаткандыгы маалымдалды.




Жаңы жылдан кийин студенттерди кадимки режимде окутуу пландалууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-12-24 15:21:49
Бала да.Апасын тарбиялаш керек экен.Ушундай суукта туалетке зорго барып келесиң го!
+10
aizira
2020-12-24 16:44:52
Ой акмак ушинтип да жазалайбы баланы. Туура эмес нерсе кылса 8 жаштагы балага тушундуруп айтса деле болотго.
+5
Arianushka
2020-12-24 17:01:49
Эне эмес эле акмак экен.Баланы да ошентип жазалайбы? Боору таш, мээрими жок экен мунун.
+6
zhaynak
2020-12-24 17:28:19
Балдардын жазаланганы, кордолгону жонундо жанылыктарды эч ачып окугум келчу эмес. Темасын окуп алып журок сыздачу. Бул жанылык мении ыйлатты. Алтын кыз алдындагы сыноолорун женил болсун. Апасына Аллахтан акыл тилейм.
+3
ismatbek
2020-12-24 17:58:41
Апасында ушинтип эки кун суукка чыгарып салыш керек
0
Aidar.001
2020-12-24 19:40:19
Эне сымал мыкаачы!
+1
chyi-talaa
2020-12-24 21:35:12
Кандай адамдар ушундай мээрез болушат? Бешенелерибизге балдарыбыз ар дайым кулуп жайнап ээркелеп эле журо беришсин
0
al-abu-kinesz
2020-12-25 01:26:09
Апасы жакшы тарбия алган эмес, ким куноолуу? Таенесиби?, татыктуу тарбия бербеген, же ошонун созун укпай кочонун тарбиясында оскон апасыбы?... Наристе бир омур оюнан кеткис, очуруп салгыс апасы тууралуу терс пикирде осот эми. Психологияга доо кетти аттин.. Мындай апалар ото коп тилекке каршы..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан