Орусиянын Самара шаарындагы батирлердин биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылып, анын өткөн жылдын август айында каза болгондугу аныкталган. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, каза болгон аял ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулу менен жашаган. Баласынын апасынын зыйнатын өткөрүүгө акчасы жоктугунан сөөгүн килемге ороп, үйүнүн бир бөлмөсүнө жашырып койгон. Качан гана ал үйүнө таанышын конокко чакырганда бул окуя белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканы жазылды.