Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) коронавирустун жаңы түрүнүн келип чыгышын изилдөө үчүн өлкөгө барууну пландап жаткан адистерине керектүү уруксат кагаздарын берген жок. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус билдирген.
"Бүгүнкү күндө биз Кытай бийлиги команданын өлкөгө киришине керектүү уруксат кагаздарын бере электигин билдик. Мындан улам түзүлгөн атайын топтун эки мүчөсү чыгып кетти. Мен бул жаңылыкка абдан нааразы болдум", - деген Гебреисус.
Ошол эле учурда Гебреисус Кытай бийлиги эксперттик топту кабыл алуусу үчүн, ички процедураларды болушунча тез бүтүрүп жатканын билерин айткан.
Жаңы коронавирустун келип чыгышын билүү үчүн түзүлгөн эксперттик топко Япония, Катар, АКШ, Германия, Вьетнам, Австралия, Орусия, Нидерланды, Улуу Британия жана Даниянын өкүлдөрү кирет.