"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 1 миллион 883 миң 761ге жетти

Бүгүн, 7-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 87 миллион 186 миң 540 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 48 миллион 777 миң 336 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 883 миң 761 адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 21 миллион 299 миң 340 болду. 361 миң 123 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 395 миң 278 адамдан аныкталды. 150 миң 336 адам каза болсо, 10 миллион 16 миң 859 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 873 миң 830 адам вируска кабылган. 198 миң 974 бейтап көз жумса, 7 миллион 33 миң 286 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан