Эпидемиянын эпкинин эсептегенде. АКШнын аналитиктери кайсы өлкөдө карантин качанкыга чейин созуларын айтышты

Америкалык аналитиктер коронавирус илдетинен көбүрөөк жабыркап жаткан өлкөлөрүнүн карантин режиминен чыгуу мөөнөттөрүн болжолдуу түрдө эсептеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Андагы жыйынтык боюнча, көпчүлүк мамлекеттерде карантин июнь-июль айларында токтошу мүмкүн экендиги айтылат.

Изилдөөдө ар бир өлкөнүн медициналык жактан жетишкендиги, вирус жуктуруп алгандардын саны боюнча статистика жана өкмөттөрдүн отчёттору эске алынды. Мында аналитиктер вирустун кызуу учуру кайсы мезгилге туура келет, жана ага жараша жарандардын кыймылын чектеген режим качан алынарын божомолдошкон.

Ага ылайык,

  • Учурда коронавирустан эң көп жабыркап жаткан Италияда вирустун күчөшү апрель айына туура келет. Андыктан бул өлкө карантин режиминен июль айынын соңунда гана чыга алат;
  • Орусияда карантиндин мөөнөтү июнь айынын ортосунда же июль айынын соңунда аяктайт, эпидемиянын күчөгөн кызуу учуру май айларына туура келет;
  • АКШда эпидемиянын эпкини июль айынын соңунда кайтышы мүмкүн;
  • Германияда дагы АКШ сыяктуу эле жай мезгилинин экинчи айында карантиндик режим аяктайт;
  • Улуу Британияда кызуу учур май айынын аягына туш келгендиктен, ал жактагы карантиндик режим июлдун аягы, август айынын башында токтошу мүмкүн;
  • Бразилия, Аргентина жана Түштүк Африкада вирусту жуктургандардын кызуу учуру июнь айына туура келгендиктен, бул өлкөлөрдө карантин жай бою жүрүшү мүмкүн;
  • Францияда карантиндик режим июнь айында алынышы ыктымал;
  • Вирустун очогу болгон Кытайда жарандар акырындан нормалдуу жашоого кайта башташты. Уханда 8-апрелден баштап карантиндик режим токтотулары маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
aerforce
2020-04-08 00:17:02
Ушулардан акылдуу адам жок буйруса ушул ай эле бутот
+9
ZUXRIDDIN20
2020-04-08 00:17:16
Кыргызстан Өзбекстан Өлкөлөрүндөчү
+5
pyeon hwa
2020-04-08 01:33:43
ZUXRIDDIN20, бизде калктын саны аз болгондуктан Майга чейин бутот деп ойлоп жатам!
+13
nurhan2702
2020-04-08 14:30:18
pyeon hwa,оозуна май.
+8
Islambek123
2020-04-08 01:05:50
16сында буйрса,же 33до
+13
Jeltelmen.99
2020-04-08 01:08:54
Ансыз деле Кыргызстан мафия мамлекет эле кудай берип эле жатып калышты.Адахан Мадумаров эң туура айтыптыр корона вирус тууралуу Адахан Кимсанбаевичтин өзү дагы акылы дагы башы дагы алтын экен.Ээх сиз президент болуп калганыңызда көк мурун чимкириктерден кутулуп өнүгүүгө карай жол салат белек.
-11
Milduri
2020-04-08 01:23:31
Jeltelmen.99,Эмне деп айтты эле?
+2
bond0202
2020-04-08 06:41:19
Jeltelmen.99,Адахам катуу жанылды дагы бир жолу.озунун кандай начар адам экенин коргозуп алды.карантин кылбаш керек болчу,бул оору жалган эле нерсе,бийликтегилердин саясий ойуну дейт.эгер ал президент болгондо элдин баарын кырып олтурмок экен.
+15
Mustafo
2020-04-08 13:44:16
bond0202, Адахандын кандай адам экенин ээми билдиңерби Гудай сактасын президент болуп калса Кыргызстанды жөн эле сатып жиберет,Баткенден Тажиктерге жер саткандай кылып.
+2
ZUXRIDDIN20
2020-04-08 02:05:03
Адатта пандемия 4 этапка бөлүнөт экен
Пайда болуу, көбөйүү, өтө көбөйуу(учуначыгуусу,) азая баштоо
Өзбекстан Кыргызстан Казакстан азыр да көбөйүү этабында экен. Аллах өзүң сакта
+7
AIMEERIM-91
2020-04-08 07:10:14
Адахан Мадумаров туура суйлогон бул вообще жок нерсе ооругандарга укол берип олтуруп атышат буйруса бутот карантин Июнга чейин Эл кутпойт, оорудан эмес анорексиядан олот анда Эл мен ишенбейм саясий оюн бул врачи тоже так говорят
-7
Saitov79
2020-04-08 09:55:36
Менда Адахамды жакшы киши деп баалачумун кечээги суйлогон созунон кийин жаман коруп калдым . Дуйнолук денгээлде бул оору тарап жатат анан кантип Кыргызстан карантин кылбайт чекеден кырылабызгоо анда
+4
rola
2020-04-08 10:28:10
Элдер уже кочого чыга башташты.Акча тугонду,продукта тугонду.Тирилик кылыш керек.
0
asad9
2020-04-08 10:36:10
Америкада вирус жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда 382миң киши ооруйт өлгөндөрү да 12миң киши акыл үйрөткөндү эмне кылат.
Кытайдын врачы айтды десе ишенсең болот. Вирус жуккандар жокко эсе.
0
make2
2020-04-08 11:16:46
Мадумаров оңой киши эмес, бир билгени бар, Мадумаров Арстан Алай эмес
+1
Mekusi
2020-04-08 13:09:39
Бул Америка кайдан билет карантин качанга чейин болорун?
+2
alive
2020-04-08 13:31:36
Эмне учун 6 миллион эли бар Кыргызстанда оору бат жайылып жатат? Озбекстан 34 миллион , Казакстан 18 миллион эли менен безден мурун башталып, бирок жай темпте баратат.
+1
nurhan2702
2020-04-08 14:34:39
alive,биздикилер шалаакылыгы менен жайып алышты
+1
rafo80
2020-04-08 19:46:23
nurhan2702, дагы убагында карантин кылды. Болбосо азыр боп кетет элек.
+1
Mira041193
2020-04-08 16:56:23
Эмнеси болсода Аллахтын буйруганын коробуз,ооруп жаткан арбир инсанга Аллахым шыпаасын берсин тынчылык болсун.
0
Arstan18.18
2020-04-08 20:24:24
ХХХХ!бизде алыстан келдин деп самоизоляция десе кордунорго нарындагы бир Адам эле 150 Адам мн контакт болду жат дегенде жатыш кк чон адам болсо созго тушунуш ккда! Москвада орус кошнам келди эс алып 20 кун болду эшигин аттап чыгалек жатам, продукт бар деп ата апасы келген жок .озунор жыйынтык чыгаргыла! Кыргызстан эли учун коп тез жайылтып жатабыз оорууну
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан