Норвегияда америкалык Pfizer компаниясы менен Германиянын BioNTech компаниясы биргелешип чыгарган коронавируска каршы Pfizer вакцинасын алган 23 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вакцина алгандан кийин каза болгон 23 адамдын бардыгы 80 жаштан жогорку иммунитети начар адамдар арасында катталган.
Норвегияда коронавируска каршы эмдөө 2020-жылдын 27-декабрында башталган. Алгачкы эмдөөдөн борбор шаар Ослодогу карылар үйүнүн жашоочулары өткөн. Бүгүнкү күнгө чейин бул өлкөдө 25 миң адам эмдөөдөн өттү.