Бишкекте пневмонияга 11 миң 513 адам кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде билдирди.
"2020-жылдын 16-декабрына карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 25 миң 901 адамга жетти. Бул өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын 33 пайызын түзөт. Анын ичинен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 14 миң 338 адам болсо, 11 миң 513 адам пневмонияга кабылды" , - дейт Чыныбаева.
Жаш курагы боюнча караганда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 14 миң 338 миң адамдын ичинен: