"Аялдарга караганда эркектер 5 пайызга көп катышкан". БШК 10-январда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмелерин жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 10-январда добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык, шайлоого жалпысынан 1 миллион 398 миң 888 жаран катышканын БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Шайлоочуларды идентификациялоо маалыматтык тутумунун маалыматтарына ылайык 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү 2 миң 474 шайлоо участогунда, ошондой эле орун-жайдан тышкары 1 миллион 398 миң 888 шайлоочу же шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмелерине кирген 3 563 574 жарандын ичинен 39,26 пайызы идентификациядан өткөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы санынын 47,59 пайызын – аялдар, ал эми 52,41 пайызын эркектер түзгөн.

Добуш берүүдө эркектердин жигердүүлүгү жогору болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 миллион 703 миң 097 эркектин санынын 733 миң 213үн же 43,05 пайызын түздү. Аялдардын жигердүүлүгү эркектердин жигердүүлүгүнөн төмөн болду жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 миллион 860 миң 477 аялдын санынын 665 миң 675ин же 35,78 пайызын түздү", - деп жазылат маалыматта.

Маалымат үчүн!

Ар бир участок боюнча тизме менен БШК сайтынын башкы бетинде “Президентти шайлоо. 10.01.2021” бөлүгүндө же https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-yanvar-2021/prinyavshie-dosrochnyh-prezidenta-yanvarya-2021/ шилтемеси боюнча таанышууга болот.

https://tizme.gov.kg/ порталы шайлоо мезгилинде – күн сайын, шайлоолордун арасындагы мезгилде ай сайын жаңыланып туруучу шайлоочулардын тизмелери тууралуу статистиканы, ошондой эле шайлоого катышкан шайлоочулардын саны тууралуу маалыматтарды камтыйт.

https://tizme.gov.kg/ порталында 2015-жылдан берки шайлоолордогу шайлоочулардын санынын динамикасы, анын ичинде гендерлик жана жаш курак өңүтүндөгү маалыматтар жайгаштырылган.

2021-жылдагы жергиликтүү жана Жогорку Кеңештерге шайлоолорду эске алып, ар бир жаран https://tizme.gov.kg/ шилтемеси аркылуу өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, өзүнүн шайлоо участогун тактаса, шайлоочунун тизмесиндеги же шайлоо дарегиндеги өзгөрүүлөргө байланыштуу арыз берүү үчүн “Шайлоочунун кабинети” сервисинен пайдаланса болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан