Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү пландалууда. Вакцина өлүмдүн азайышына жардам берерин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Брифинг учурунда министрликтин өкүлү коронавируска каршы вакциналар натыйжа бербейт дегендерге кайрылды.
"Вакцина эффективдүү эмес, эмдөөнүн коркунучу бар деп айтылып жатканын билебиз. Бирок вакцина инфекциядан каза болгондордун санын азайтат.
Алдын-ала эсептөө боюнча, COVAX механизмининин алкагында өлкөдө 1 миллион 2 миң жаран эмдөөгө муктаж. Эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү пландалууда. Ага ылайык, эң биринчи кезекте медицина тармагында иштеген кызматкерлер жана калкты тейлөө борборлорунда иштегендер эмдөөгө алынат", - деди Акматова.