Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова жергиликтүү кеңештердин шайлоосун жылдыруу маселесин кароо керектигин билдирди.
"Буга чейин дагы мындай кырдаалдан өткөнбүз. Бардыгыңыздарды ынтымакка чакыргым келет. Кырдаал өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул кырдаалды жеңип, ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубузга туура мамиле жасасак, кырдаалдан чыгып кетебиз. Көптөгөн маселелер турат. Биз ишкерлерге жардам беришибиз зарыл. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун жылдыруу маселесин карашыбыз керек. Бүгүнкү күндө ар бир жараныбыздын ден соолугу маанилүү. Өкмөттү сындаганга убакыт болот. Баарыбыз биригип коронавируска каршы турбасак, үч бутак ынтымакта иштебесек болбойт. Биздин маалымат каражаттары фейк болгон маалыматтарды таратуудан алыс болушун өтүнөм", - дейт Мамашова.