Бишкекте 210 мугалим онлайн окууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Шаардык билим берүү мекемелеринде карантин жарыяланганына байланыштуу мектептер дистанциялык окууга өттү. Учурда 200 мугалим жана мэриянын билим берүү башкармасынын методисттери видео сабактарды жаздырууга даярдык көрүшүүдө. Негизи предметтер боюнча онлайн сабактар ЭлТР жана "Баластан" телеканалдары аркылуу атайын иштелип чыккан расписание боюнча көрсөтүлөт. Мындан сырткары видео Ютуб каналына чыгат. Азыркы күндө 60 муниципалдык жана 10 жеке мектепке виртуалдык окууга расписание түзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.