Биз социалдык тармакта

Жаңы директор дайындалган Оштогу музыкалык окуу жайдагы бүгүнкү абал

Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайга директор Ильязбек Ташболот уулу дайындалды. Аталган окуу жайдын эмгек жамааты жаңы жетекчини кабыл алгысы келбей, аны менен иштешүүнү каалашпай турганын айтып чыгышты.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен жаңы директор иштеп жатканын, абал туруктуу экенин билдиришти.
"Кечээ жаңы директорду дайындоодо эмгек жамааттын бир аз нааразычылыгы болгон. Тагыраагы, алар жетекчилик кызматка дагы бир адамдын талапкерлигин көргүсү келген. Сүйлөшүүлөрдөн кийин баары эле макул болушкан. Учурда жаңы дайындалган жетекчи иштеп жатат, окуу жайда абал туруктуу", - дейт министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова нааразычылыктардан улам кызматынан баш тарткан. Аталган музыкалык окуу жайга 27-январда Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен директор болуп дайындалган. Ал музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан