Индиялык аял Пакистанга барып, ал жакта паспортун жоготуп алгандыгы үчүн 18 жыл түрмөдө отурган. Андан кийин Пакистан аны Индиянын өкмөтүнө өткөрүп берди деп жазышууда чет элдик маалымат булактары.
Жазылган маалыматка ылайык, Индиянын Махараштра штатындагы Аурангабад шаарынын 65 жаштагы Хасина Бегум аттуу аял 2003-жылы күйөөсүнүн туугандарын көрүү үчүн Пакистандын Лахор шаарына барган. Ал паспортун жоготуп алгандыгы үчүн аны Пакистан полициясы камакка алып, 18 жылга эркинен ажыратышкан. Индиялык аял 18 жылын Пакистандын түрмөсүндө өткөргөн. Пакистан бийлиги Индиянын Аурангабад полициясынан аялдын шаарда үйү бар жана ал жерде каттоодо турганы жөнүндө билдирүү алгандан кийин гана Бегумду бошотууну чечип, мекенине кайтарган.
"Мен көптөгөн сыноолорду башымдан өткөрдүм. Мени күч менен Пакистандын түрмөсүндө кармашты. Эми өз өлкөмө кайтып келгенден кийин өзүмдү тынч жана бейиште жүргөндөй сезип жатам", - деген индиялык аял.