Бүгүн, 31-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 102 миллион 525 миң 801 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 56 миллион 699 миң 4 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 217 миң 746 (+13252) адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 26 миллион 65 миң 678 болду. 439 миң 405 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 733 миң 131 адамдан аныкталды. 154 миң 147 адам каза болсо, 10 миллион 409 миң 160 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.