Бүгүн, 2-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 103 миллион 378 миң 964 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 57 миллион 272 миң 784 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 236 миң 559 (+9485) адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 26 миллион 307 миң 963 болду. 443 миң 186 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 757 миң 610 адамдан аныкталды. 154 миң 392 адам каза болсо, 10 миллион 434 миң 983 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.