"Өчүрүлгөн билдирүү менен стористи кайра кайтарса болот". Инстаграмда жаңы функция

Инстаграм социалдык тармагында өчүрүлгөн билдирүү менен стористерди кайра кайтаруу функциясы кошулду. Бул тууралуу аталган сервистин расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, стористи бир сутка ичинде, ал эми постту 30 күн ичинде кайра кайтарса болот.

"Бүгүн биз контентти башкарууга мүмкүн болгон "жакында өчүрүлгөн" функциясын сунуштайбыз. Көпчүлүк колдонуучулар бул боюнча суранган, эми сиздер Instagram тиркемесинде өчүрүлгөн контентти көрүп жана кайра калыбына келтире аласыздар", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле билдирүүнү өчүрүүдөгү коргоо чаралары күчөтүлүп, тиркемени өчүрүү алдында кошумча кайталап сурай турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан