АКШда пранкер тамашалуу видео тартып жаткан учурда атып өлтүрүлдү

АКШда пранкер каракчылык кылып, тамашалуу видео тартып жаткан учурунда атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя АКШнын Теннесси штатынын Нэшвилле шаарында болгон. Элди тамашага салган деген Тимоти Уилкс аттуу жаран жана анын досу унаа токтотуучу жайлардын биринде касап бычактары менен тоноо уюштурушкан. Бирок элдин арасынан 20 жаштагы жаран видео учурунда пранкерди атып салган. Шектүү полиция кызматкерлерине мунун баары пранк экенин билбей окуяны олуттуу кабыл алганы менен түшүндүргөн.
Басылмалар билдиришкендей, жергиликтүү укук коргоо органдары окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатышат. Ал эми пранкерди атып салган жаранга азырынча эч кандай чара көрүлө элек.
АКШда пранкер тамашалуу видео тартып жаткан учурда атып өлтүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-02-08 11:52:11
Оюндан от чыгат, отту кыскан бай болот.
+15
Rinat98
2021-02-08 14:21:52
Туура кылат биздеда атып салыш керек!
+12
aiba_00
2021-02-08 14:51:17
Ко о куу уй.
+5
Kyrc...
2021-02-08 16:12:38
Пранк тартам деп башка бироонун жеке жашоосун бузабыз, туура кылган. Милицияга арыз жазса акталмак, чоон бычак мн коркуткан адамды кичине пистолет мн атып салып туура кылган... блогерлер абайлагыла, бироонун укугун, жеке сырын сыйлагыла
+8
Nursul
2021-02-08 19:12:28
Бизде де мынчалык болбосо да кееде жиндидей эле нерселерди кыла беришет кызы менен отуруп не менин кызымдан көзүңдү албайсың деп туура эмес сүйлөп алышат анан пранк деп айтканга да жетишпей таяк жешет.
+4
Bekulas
2021-02-09 01:37:50
Пранкты транк деп атып салыптырда молодец))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан