Дастанбек Жумабеков Сооронбай Жээнбековдун кемчилиги тууралуу суроого жооп бергени талкуу жаратты. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 15-февраль, күнгө дүйшөмбү. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков дем алыш күндөрү келди.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткени тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Жээнбеков жубайы менен умра сапарына кеткенин айткан.

Дастанбек Жумабеков Сооронбай Жээнбековдун кемчилиги тууралуу суроого жооп бергени талкуу жаратты

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастанбек Жумабеков SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда конокто болду.

Анын алкагында "Сиз мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетти башкарып турганда “Сооронбай Шариповичтин кемчилигин көрө албай жатам” деп айткансыз. Азыр деле ошол ойдосузбу?" деген суроо берилди.

"Мен Сооронбай Шарипович менен иштешкенде анын мамлекет, эл деп күйгөнүн баалап ошол сөздү айткам. Албетте, колдон келишинче аракеттерди жасадык. Турмуш деген ошол экен. Октябрда элдин толкундоосу менен бийлик алмашып кетти. Мен азыр депутат катары айтып кетейин, ошол убактагы биздин аракетибиз Кыргыз мамлекетин алдыга жылдыруу ниетибиз бар болчу. Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Эң негизгиси элдин ырыскысын, мамлекеттин байлыгын уурдаган жокпуз. Кемчиликтер болду. Ошонун туурасын кабыл алып оңдоого аракет жасадык.

Сооронбай Шарипович мамлекетке кыянаттык кылган жок. Кемчилиги коомчулукта айтылган кайрылууларга ошол убакта көңүл бурбай койгону болушу мүмкүн", - деди ал.

Анын бул суроого жооп бергени коомчулукта талкуу жаратты.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын карап, ага чыккан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу Шаардык соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, экс-премьер-министрдин баш коргоо чарасы боюнча арыз каралып, сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Тагыраагы, абакта калтырды.

Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталган.

Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Каныбек Осмоналиев былтыр 2-мартта өткөн саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири катары бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен УКМКнын тергөө жайына киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан