Орусияда таштандынын арасынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды

Орусиянын Тюмень облусундагы Тобольск шаарында таштандылардын арасынан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 14-февралда болгон. Тобольск калаасындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун кызматкерлери таштандылардын арасынан жаңы төрөлгөн наристенин сөөгүн таап алышкан. Алар бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочуларга кабар беришкен.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле баланын эмнеден улам каза болгондугун аныктоо үчүн атайын медициналык экспертиза дайындалганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-02-16 08:06:57
Кыргыз эмес бекен аа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан