Владимир Путиндин басма сөз катчысы Илон Масктын кайрылуусуна жооп берди

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Space X жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын кайрылуусуна жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Буга чейин Маск орус президентине кайрылып, Clubhouse социалдык тармагында маектешүүгө чакырган.

Маалыматка ылайык, Песков бул сунушту абдан кызыктуу сунуш деп атаган.

"Кремль Илон Масктын сунушун карап чыгат. Алгач маектешүү эмне жөнүндө болорун, кандай сунуштар айтыларын түшүнүшүбүз керек. Андан кийин гана чечим чыгарабыз", - деп билдирген Песков.

Путиндин басма сөз катчысы өлкө президенти социалдык тармактарда отурбай тургандыгын кошумчалаган.

Clubhouse - бул үн менен байланышуу үчүн аудиоконтент тиркемеси. Анда социалдык тармактарда колдонуучулар ар кандай темаларды талкуулай турган "бөлмөлөр" жана "кеңселер" бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mubarak
2021-02-16 10:19:01
Соцтармакта отурбаса абдан жакшекен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан