Перуда министр айым кезексиз эмделгени үчүн кызматтан кетти

Перу өлкөсүнүн тышкы иштер министри Элизабет Астет Родригес коронавируска каршы кезексиз эмдөө алганы үчүн кызматтан кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул кабарды Перунун президенти Франсиско Сагасти Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирген.

"Бүгүн мен тышкы иштер министри Элизабет Астеттин отставкасын кабыл алдым. Министрдин кызматын тапшыруусу анын изилдөө тобу үчүн арналган вакцинаны кезексиз алгандыгына байланыштуу", - деп жазган ал баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalaibek.
2021-02-17 08:14:00
Эн эле туура. Биздин чондор ушундай ыймандуу болушса кана.
+1
nazira...
2021-02-17 09:14:58
Чын бекен, кана эле бизде ошондой болсо. Биздикилер үйлөрүнө чакырып сайдырат, очеред күтсө бир нерсе болуп кетишпейби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан