Польшадагы телеканалдардын биринин эки журналисти эки жылга соттолду. Эмне үчүн?

Минск шаардык соту Польшанын "Белсат" телеканалынын эки журналистин эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, Беларусь өлкөсүндө аккредитациядан өтпөгөн "Белсат" телеканалынын кызматкерлери Дарья Чулцова жана Екатерина Андреева өткөн жылдын 15-ноябрында Минск шаарында болуп жаткан демонстрацияны түз эфирден көрсөтүшкөн. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркаткан жерден эки журналист да кармалып, тартипти одоно бузган иш-аракеттерди уюштуруу жөнүндө кылмыш ишине катышып калышкан. Мамлекеттик айыптоо соттон эки журналистке карата жалпы режимдеги колонияда эки жылга эркинен ажыратууну сурады.

"Журналисттер Дарья Чулцова менен Екатерина Андреева эки жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Минск шаарынын Фрунзе сотунун судьясы Наталья Бугук чыгарды",- деп жазылат маалыматта.

Чулцова менен Андреева - Беларусь өлкөсүндө 2020-жылы августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган нааразычылык акцияларын уюштургандыгы үчүн жаза алган биринчи журналисттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан