Испанияда камакка алынган рэп ырчысы Пабло Аселди колдогон нааразычылык акциясына катышкан 50дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Алгач Мадрид шаарынын борбордук аянтындагы башаламандыкка катышкан 19 адам кармалган. Алардын алтоо 16-17 жаштагы өспүрүмдөр жана төртөө аял болгон. Ошондой эле тополоң Барселона, Лерида жана Жиронада эки түн катары менен болуп, ал жакта 33 адам кармалган. Дагы төртөө Гранада шаарында болгон башаламандыкка катышкандар.
Массалык тополоңдо 55 адам жаракат алса, анын ичинен 35и полиция кызматкери болгон. Испаниянын бир катар шаарларында шейшемби жана шаршемби күндөрү монархияны мазактаганы жана солчул радикал терроризмди даңктаганы үчүн тогуз айга камакка алынган рэпер Пабло Аселди колдогон нааразычылык акциялары өттү. Айрым учурлар демонстраттар жана полиция арасындагы кагылышуу менен аяктаган.
Рэп ырчысы Пабло Асел 2015-жылы радикалдык солчул терроризмди даңктаганы үчүн эки жылга шарттуу кесилген, бирок 2018-жылы ага карата жаңы өкүм чыккан. Сот анын Твиттердеги 64 постунда жана Ютубдагы бир композициясында терроризмди даңазалаган жана падышачылыкка, мамлекеттик институттарга каршы жалаа жапкан билдирүүлөрдү калтырган деп чечим чыгарган. Терроризмге байланыштуу айыптоолор рэпердин Испаниянын гана эмес, Европа Биримдиги жана АКШнын террористтик уюмдарынын тизмесине кирген ГРАПО уюмунун тексттерине берген шилтемелерден улам келип чыккан. Ырчы тогуз айга камакка алынып, бирок процесстин жүрүшү бир нече жылга созулган. Өткөн аптада ал өз каалоосу менен түрмөгө келиши керек болчу. Бирок андан баш тарткан ырчы дүйшөмбү күнү 50гө жакын тарапташтары менен тосмого алынып, 16-февралда камакка алынган. Жүздөгөн белгилүү маданият ишмерлери аны колдогон манифестке кол коюшту.