
Социалдык тармактарга "Ошко жакын жердеги көрүстөнгө пневмониядан каза болгон балдардын сөөгү байма-бай алынып келе баштады" деген маалымат тарады. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги мындай билдирүү чындыкка дал келбей турганын кабарлады.
Ош шаарындагы балдардын инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Бакай Акматовдун айтымында, 2021-жылдын январь айында 356 бала ар кандай илдеттен дарыланып, өлүм катталган жок.
"Статистикалык маалыматтарга ылайык, мурунку жылдарга салыштырмалуу балдар арасында пневмония менен ооругандардын көрсөткүчү төмөндөгөн", - деди Бакай Акматов.