"Коронавируска каршы күрөшүү боюнча эсепке которулган акча кайда, кантип жумшалганын көрө алабызбы?". Министрликтен жооп

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин ушул тапта иштеп жаткан өкүлдөрү зарыл болгон бардык коргонуучу каражаттар менен камсыздалган эмес деген анонимдүү билдирүүлөр келип жатат. Мындан тышкары жөнөкөй бет кабы жок жүргөн дарыгерлер бар деген кептер да айтылууда. Ошол эле учурда коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке жардам иретинде акча которулууда. Бул акчага дарыгерлерге зарыл болгон буюмдар алынабы жана каражаттын кайда сарпталганын ачык-айкын коомчулукка отчёт иретинде көрсөтөсүңөрбү?". Мындай суроо бүгүн, 25-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматовага берилди. Маалымат жыйыны онлайн форматта өттү.

Акматова жогорудагы суроого жооп берип жатып зарылчылык болсо биз саламаттыкты сактоо тармагына ал каражаттын канчасы, эмне үчүн иштетилгендигин көрсөтөбүз деп билдирди.

"Эгерде акча каражаттын кайда жумшалып жатканын көрсөтүү зарылчылыгы болсо, биз отчётту Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтына жайгаштыра алабыз. Биз мындай отчётту көрсөтүүгө даярбыз, ачыкпыз. Мындан тышкары жардам иретинде түшкөн акчанын жумшалып жатканына байкоо жүргүзгөн, текшерип турган тиешелүү атайын органдар бар, алар дайыма көзөмөлдөп турат. Ошол эле учурда Каржы министрлигинин алдында атайын Байкоочу кеңеш түзүлгөн, алар да бул каражаттардын кайда жумшалып жатканынан кабардар болуп турат", - деди Акматова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан