Индиянын Уттаракханд штатында мөңгү кулап кетип, каза болгондордун саны 62ге жетти. Маалыматты аталган аймактын полиция кызматкерлери тастыктаганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, 7-февралда мөңгү кулап кеткен. Жыйынтыгында Ришиганга дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, ушул эле аталыштагы ГЭСти бузуп кеткен. Суу ташкыны Дхулиганга дарыясынын жээгинде курулуп жаткан Индиянын ири энергетикалык компаниясына таандык Тапован ГЭСине да зыян келтирген.
"Куткаруучулар 62 сөөктү табышты. Анын ичинен 34 сөөктүн өздүгү аныкталды", - деп жазылат маалыматта. Мындан сырткары 142 адам дагы деле дайынсыз болууда.
Суу ташкыны учурунда Тапован ГЭСинде, техникалык туннелде 30-35 адам болгон. Издөө иштерине улуттук жана жергиликтүү куткаруучулар, полиция кызматкерлери катышып жатат.