Индонезиялык жаран шамалдан боюна бүтүп калганын жар салып, ошол күнү көз жарды. Бул тууралуу Coconuts Jakarta жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Сити Зайна эс алуу учурунда боюнда болуп калганын, ал шамалдын анын жыныстык органдарына киргенин сезгенин айткан.
Окуядан 15 мүнөт өтпөй Зайнанын ичи аябай катуу ооруй баштаган. Бир суткага жетпей ал салмагы 2 килограмм 900 граммга жеткен кыз төрөгөн. Кыздын айтымында, табигый жол менен анын боюна бүтпөйт болчу, анткени анын менструалдык циклы бузулган эмес.
Аталган окуя өлкөдө чоң резонанс жаратып, окуяга полиция кызматы да кийлигишкен. Белгилүү болгондой, Зайна өзүнүн күйөөсү менен мындан 4 ай мурун ажырашкан. Алардын ортосунда 1 баласы бар.
Дарыгерлердин айтымында, Зайнанын кош бойлуулугу эч кандай белгилери жок өткөндүктөн улам ал толгоосу башталганда гана боюнда бар экенин билген.