Менин жерим: "Айыл санжырачынын ысымын алып жүрөт". Чүйдүн Бала айылчы айылына саякат (сүрөт, видео)

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бала айылчы айылы тууралуу сөз болот.

Айылдан чыккан залкарлар, көз жоосун алган жаратылышы, эмгекчил, жөнөкөй калкы жана климаты тууралуу SUPER.KG порталына айылда өскөн Аман Урматов баяндап берди.

Бала айылчы айылы болжол менен XVIII-XIX кылымдарда негизделген. Бала айылчы айылы Кыргыз Ала Тоосунун түндүгүндө, Ак суу дарыясынын оң жагында жайгашкан. Беловодск айылынан 19-20 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 65 чакырым аралыкта жайгашкан.

Бала айылчы айылы деңиз деңгээлинен 1 миң 127 метр бийиктикте турат. Калкы 1 миң 500дөн ашуун, 2015-жылкы эл каттоонун маалыматы боюнча 1 миң 58 адам жашайт. Айылда 300дөн ашуун түтүн бар.


Айылдын тургундары негизинен мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет.
Климат континенттик январь айынын орточо температурасы -5°..-9°С. Июлдуку 20°-25°С.
Жылдык жаан-чачын 500мм. Топурак өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт.


Айылда жалпы 5 көчөгө атактуу инсандардын ысымы ыйгарылган жана көчөлөрдө заманбап түнкү шам чырактар орнотулган жана асфальт төшөлгөн. Абдыгул Жапаров атындагы эки кабаттуу 11 жылдык орто мектеп 2021-жылы ачылган, мектептин заманбап толук шарты бар. Китепкана, "Айыл ордо" маданият үйү, футбол аянтчасы, ат майданы, ФАП, Почта, кирпич заводу, суу сактагыч жана жаштар комитети ж.б көптөгөн мекемелер жайгашкан.


Айылдын кыскача тарыхы жана санжырасы:


Айылдын негиздөөчүсү Бала Айылчы деген уулу санжырачы бул жерге өзүнүн болушу менен келип отурукташкан экен. Айылыбызда Кочкорбай, Саяк, Алике, Тоопай, Басыз, Жедигер жана башка ири уруулар да бар.


Айылыбыздын аты бир нече жолу өзгөрүлгөн, Союз мезгилинде Сталин айылы, Андан соң Жарды Суу айылы Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Бала Айылчы айылы аталып келет.

Айылдын атактуу инсандары:

Абдыгул Жапаров -профессор Кыргыз лингвистикасында үзүрлүү эмгектенген.
Мукан Рыскулбеков - Эң белгилүү обончу, ырчы, киноактер.
Искендер Кадыркулов - түндүк электрдин директору, 6 чакырылыштын депутаты.
Идирис Кадыркулов - УКМКнын экс-төрагасы.
Кубанычбек Эшалиев - Беловодский айылынын айыл өкмөтүнүн айыл башчысы.

Айыл Чарбасы


Айылдын экономикасы негизинен айыл чарба, анын ичинен мал чарба жана дыйкан чарбасы өнүккөн. Бул аймакта бири-бирине тыгыз байланыштуу эки милдет турат. Биринчиси көчмөн калкты отурукташтыруу, экинчиси аларды коллективдүү чарбаларга бириктирүү. 1930-жылдары массалык коллективдештирүү жылдарында айыл чарба кооперативинин эң жөнөкөй формасы боз жерди биргелешип иштөө шериктиги кеңири түрдө жайылган.
Айылда оор техникалар бар, мисалы, МТЗ, ГАЗ 52, ГАЗ 53, ЮМЗ, Т40 жана заманбап ири техникаларды колдонушат. Айылдын экономикасы өзгөчө мал чарбадан пайда алат.

Спорт тармагы:


Бала Айылчы айылында ар түрдүү спорт тармактары өнүгүп келе жатат. Эң популярдуу спорт түрлөрү Көк бөрү, футбол, мини футбол, волейбол, тогуз коргоол жана ордо.

Спорт тармагында атактуу инсандарыбыз, Бакыт Жолдош уулу - белгилүү улакчы көк бөрү боюнча Биринчи Лиганын чемпиону жана Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган чоң турнирдин финалисттери. Рустам Какеев - көк бөрү боюнча Республикалык деңгээлде оюн көргөзүп келет.
Нурбек Ахатов - Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Топ лиганын төрт жолку чемпиону, үч жолку коло медалдын ээси. Кыргыз өлкөсүнүн кубогу жана АФК президентинин кубогунун Малайзия 2005, 2006 финалисти.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан