Менин жерим: Айтылуу Тыныбек манасчы, Көкөтөй чечен жердеген Нарындын Миң-Булак айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагы жөнүндө сөз кылабыз. Аймактын өзгөчөлүгү, андан чыккан бир топ белгилүү инсандар жөнүндө Калыс Жумадилов баяндап берди.

Курамына Өрнөк, Куйбышев, Миң-Булак айылдары кирген Миң-булак айыл аймагы Нарын районуна карайт. Мурун Куйбышев менен Миң-Булак бир эле Куйбышев айылы болгон болсо, кийин экиге бөлүнүп эки башка айыл аталып калган. Миң-Булактын ал эски аты азыр да жашоочулардын оозунда айтылып келе жатат. Курамына 3 айылды камтыган айыл өкмөттө Актан Тыныбек, Токтогул Байсалов жана Жакып Өмүралиев атындагы 3 орто мектеп бар. Ал эми 3 айылда жалпы 1101 түтүн үй болуп, 6060 адам жашайт. Деңиз деңгээлинен 1993 метр бийиктикте туруп, Нарындын бир топ тоолуу айылдарына жана Нарын шаарынын өзүнө караганда жапыз келет. Буга байланыштуу айылда Нарын шаарына караганда климат сезилээрлик жылуураак.

Миң-Булактан чыккан көрүнүктүү инсандар жетишээрлик көп. Алгач эле Тыныбек Жапый уулу, Актан Тыныбек уулу сыяктуу залкар манасчыларды сыймыктануу менен атап өтпөсөк болбойт. Айылыбыздан чыккан манасчылар бүгүнкү күндө да жок эмес. Мисалга манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Табылды Актанов жана жаш манасчы, Манасты ЮНЕСКОдо айтып берген Болот уулу Үмөт бар. Негизи манасчы Үмөттүн түбү биздин айылдан экен. Кийин аталары көл тарапка көчүп кетишкен дешет. Убагында манасчылардын алптарын өзүнө батырган Миң-Булак айылы, адабиятка, поэзияга табиятынан жакын адамдарды дагы өстүрүп чыгарган. Дегеним Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков да дал ушул айылдан төрөлүп өскөн.

Ооба, адабиятты жактырган айылдан билим да алыс кетпейт. Айтылуу "Кут билим" гезитинин башкы редактору болгон Кубат Чекиров да ушул айылдан. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Асанкул Осмонов менен Чоро Думанаевди атасак болот.

Айылыбыздын Миң-Булак деп аталып калышын анчалык деле ойлонбой туруп түшүнсө болот. Ооба, биздин айылдын тегереги, ылдыйы-өйдөсү, оң жагы сол жагы болуп отуруп, айтор айланасынын баары булак сууларга толгон. Мына ошол жайнаган булак суудан жогорудагы айтылган манасчы, акын, журналист, актёрлор ичип чоңоюшкан.

Элет элинин негизги тиричилиги дыйканчылык жана мал чарбачылыгы, кээ бири жайкысын жайлоого кетсе, кээ бири айылда сугат суу, дан эгүү менен алек болот. Негизги малга басым жасаган элет эли айдоо аянтынын көп бөлүгүн малдын тоютун камдоо үчүн иштетишет. Жайкысын малга карап алыскы жайлоолорго көчүп, кышкысын кар баспай, кара чыккан кыштоодо кыштагандар дагы бар. Ал эми кооздугу менен суктандырган жайлоолорубузга кыргыздын жаны менен бир жылкы баласынын сүтүн ичкендер көп барат. Биздин айылдыктар кымызды мыкты жасагандар десем жаңылышпайм.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан