Улуу Британия айрым Boeing 777 учактарына тыюу салат

Улуу Британия АКШга учуп бара жатып кырсыкка учураган Pratt & Whitney PW4000-112 кыймылдаткычы менен иштеген Boeing 777 учактарынын учуусуна тыюу салды. Бул тууралуу Британиянын транспорт министри Грант Шэппске таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Шэппс бул тыюу салуу убактылуу экендигин баса белгилеп, кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Жарандык авиация башкармалыгы менен тыгыз кызматташууга убада берген. Ал учурда британиялык компаниялар Boeing 777 учактарын мындай кыймылдаткыч менен колдонбой тургандыгын билдиришкен. Бул чечим Улуу Британияга учуп келе келе турган учактарга таасирин тийгизбейт.

Эске салсак, 21-февралда АКШнын Колорадо штатында Boeing 777 учагынын сыныктары турак жай конушуна кулап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан