Украиналык журналист балдарды эне тилин жактырбаганы үчүн жазалоого үндөдү

Украин бийлиги өлкөнүн тургундарынын, айрыкча жашы жете электердин эне тилин сыйлабагандыгы үчүн жазаны күчөтүшү керек. Бул тууралуу Львовдук журналист Остап Дроздовго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дроздовдун айтымында, учурда чиновниктер, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана калктын башка категориялары эл алдында "украин тилин жек көрө алышпайт", - деген ал.

Журналисттин айтымында, тил саясаты боюнча мыйзамга эл украин тилин сыйлабагандыгы үчүн жазалоого мүмкүндүгүн берген түзөтүүлөрдү демилгелөө керек.

Буга чейин Киевдеги 15 жаштагы мектеп окуучусу украин тили жөнүндө уят сөздөр менен сүйлөгөн видеосун Tik Tok тиркемесине жарыялаган. Өспүрүмдүн маалыматтары тез арада Миротворецтин маалымат базасына киргизилген жана ага "Орусиянын Украинага каршы маалыматтык операциясына атайылап катышкан" деген айып тагылган. Кийинчерээк кыз айткан сөзү үчүн кечирим сураган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айынын ортосунан тартып Украинада “Украин тилинин мамлекеттик тил катары иштешин камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген, анда Украинанын жашоо-турмушунун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө украин тилин гана колдонуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2021-02-24 11:11:07
Коомун озгортопосо эне тили кала берет суйкумсуз бойдон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан