Бельгия өкмөтү элге кокусунан зыяндуу бет каптарды таратып алган

Бельгия бийлиги кокусунан калкка зыяндуу коргоочу бет каптарды таратып алган. Бельгиянын коомдук саламаттыкты сактоо институту бет капта адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү заттарды аныктаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Институттун отчётунда бет каптын материалынын курамынан күмүштүн калдыктары жана титан диоксиди табылганы жазылган. Бул заттар дем алуу органдарына терс таасирин тийгизип, өпкөнүн сезгенишине алып келиши мүмкүн болчу.

Белгилей кетсек, Бельгия өкмөтү 2020-жылы июнь айында акысыз бет кап тараткан. Бет капты каалоочулар бардык дарыканалардан акысыз алууга мүмкүн болчу. Бельгиянын кампаларында дагы 3 жарым миллион бет кап бар экендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-02-24 12:08:20
Гуманитар кылып алып албагыла дагы, бекер келген нерсенин баарын кылдаттык менен текшерүү керек.
+1
Kombi
2021-02-24 19:56:59
Эмне ойдо чыгарган аны. Эх замана
0
aslan_akjol89
2021-02-24 23:49:47
Бизде андай болсо "атайын кылды" деп кокуйлап туркун кептерди чыгарып жыргамак экенбиз да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан