Бүгүн, 26-февралга карата өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы 368 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Мындай маалыматты республикалык штабдан билдиришти. Ага ылайык:
* 4 бейтап - канааттандырарлык абалда;
* 258 бейтап - орто оор абалда;
* 86 бейтап - оор абалда;
* 20 бейтап - өтө оор абалда.
Бүгүнкү күнгө карата республиканын 86 миң 142 жараны илдеттен жабыркаса, анын ичинен 83 миң 61и айыкты. Тилекке каршы, 1 миң 463 жаран каза болду.