Германиянын аткаминери Томас Шефер өз жанын кыйды. Анын бул кадамын коронавирус пандемиясына байланыштырып жатышат

Германиянын федералдык аймагы болгон Гессендин каржы министри Томас Шефердин жансыз денеси 28-март күнү табылган. Пандемиянын кесепеттери Томас Шеферди тынчсызданууга жана көңүл чөгүүгө учуратканын Гессендин өкмөт башчысы билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазышууда. Тергөөчүлөрдүн айтымында, министр өз өмүрүн кыйган.

Гессендин каржы министри Томас Шефердин өлүмү коронавирус пандемиясынын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн экенин федералдык аймактын өкмөт башчысы Фолькер Буфье белгиледи. Ал мындай божомолду 29-мартта билдирген.

Буфьенин айтымында, пандемиянын кесепеттери Шеферди катуу тынчын алып жаткан эле.

"Шефер мындай абалдан чыгуунун жолун тапкан жок. Ал үмүтсүз абалга кептелип, бизди таштап кетти. Бул мени таң калтырды", - деп билдирген премьер-министр анын өлүмү тууралуу.

Шефер 2010-жылдан бери Гессенде каржы министри болуп иштеп келген жана Буфьенин ордуна премьер-министр болуп калышы мүмкүн деген божомолдор бар эле. Ал мындан бир нече күн мурун ишкерлик жаатында жакшы пландарды сунуштаган, анда негизинен пандемиядан жабыркаган ишканаларды колдоо каралган болчу.

54 жаштагы саясатчынын жансыз денеси 28-мартта Хоххайм-на-Майне шаарына жакын жайгашкан темир жолдон табылган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал өзүн-өзү өлтүрүп, кат калтырып кеткен. Полиция бул окуя боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Анын себебин алар тергөө бүтө электиги менен түшүндүрүп жатышат.

Германияда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча катуу чаралар көрүлүүдө. Анын алкагында көптөгөн дүкөндөр, тамактануучу жайлар, билим берүү жана башка мекемелер бир нече аптага жабылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан