ТикТок кыска видеолору бар интернет тиркемеси өз жанын кыюуга байланыштуу материалдардын 90 пайыздан ашыгын өз алдынча алып салат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз суицидге же өзүнө-өзү зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн болгон жүрүм-турумду чагылдырган, жайылткан, нормалдаштырган же даңазалаган материалдарды жайгаштырбайбыз. Коомчулуктун эрежелерин бузган мазмунду алып салабыз жана колдонуучулардын өмүрүнө коркунуч туудурган иш-аракеттерге жол бербөө үчүн тиешелүү хештегдерди жаап салабыз", - деп билдирген ТикТоктун басма сөз кызматынан.
Алар "Мындай видеолордун 94,4 пайызы арыздар жөнөтүлгөнгө чейин алып салынган, ал эми 91,9 пайызы жарыялангандан кийин 24 сааттын ичинде өчүрүлгөн" деп такташты.
"Ошондой эле колдонуучулардан жана уюмдардан TikTok сайтында орунсуз мазмун табылса, бизге арыз жөнөтүүнү суранабыз", - деп билдиришти компаниядан.
Буга чейин ТикТок социалдык тармагында өспүрүмдөрдү массалык суицид акциясына катышууга үндөгөн видеолор пайда болгон.