Ереванда оппозициянын кезектеги митинги өтүп, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Акция 25-февралдан бери демонстранттар тосуп турган парламенттин имараты жайгашкан Баграмян проспектисинен башталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, коопсуздук күчтөрүнүн саны бир топ көбөйтүлүп, парламент имаратынын коопсуздугу байкаларлык күчөтүлдү.
Армения полициясы митингде чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн деп буга чейин эскерткен. Генералдык штаб Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандан кийин Армениядагы бийликтин жана оппозициянын тарапкерлеринин митингдери кайрадан башталды. Ал буга жооп кылып, төңкөрүш кылуу аракети болуп жатат деп билдирген. 1-мартта Ереванда премьер-министрдин тарапкерлеринин митинги болуп, ал Никол Пашинян баштаган шаар аркылуу түнкү жүрүш менен аяктаган.
1-марттагы митингде премьер-министр октябрь айында жаңы Конституция боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Ал Арменияны парламенттик башкаруудан жарым президенттик башкарууга өткөрүү боюнча түзөтүүлөрдү демилгелей тургандыгын билдирди. Пашинян мырза ошондой эле анын сунушу оппозиция тарабынан жактырылса, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экендигин билдирген.