АКШ ракеталарын Кытай менен чектеш аралдарга жайгаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Индия-Тынч океан аймагындагы АКШнын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын маалыматына ылайык, эгерде агрессия болуп кетсе, "согуштук потенциалды" сактап калуу үчүн Чыгыш Кытай жана Түштүк Кытай деңиздериндеги аралдарда америкалык ракеталар пайда болушу мүмкүн.
200 чакырымга чейинки аралыкка учуучу ракеталарды, ошондой эле орто аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштыруу пландаштырылууда деп кошумчалашкан басылмалар.
Сенкаку аралдары (кытайча Дяоюйдао аралдары) Кытай менен Япониянын ортосундагы аймактык талаш-тартыштын темасы. Учурда аралдар 1895-жылдан бери Япониянын юрисдикциясында болуп келген деп эсептелген Токио тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Кытай өз кезегинде Японияда 1783 жана 1785-жылдары пайда болгон карталарда аралдар анын аймагы катары белгиленген деп ырастоодо.
Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин аралдар АКШнын көзөмөлүндө болуп, 1972-жылы Японияга өтүп кеткен. Тайвань жана Кытай япон тарап аларды мыйзамсыз кармап турат деп эсептейт.