Орусиянын Ленинград облусу боюнча аскер комиссариаты кыздарды 8-Март майрамы менен куттуктап, аларды мурунку сүйгөндөрүн армияга белек катары тартуу кылууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
"Сиздерге чакан белек кылууга уруксат этиңиздер. Мурунку жигиттериңердин социалдык тармактагы баракчаларын комментарийге калтырыңыз, биз аларды аскерге чакыруу пункттарында күтөбүз. Ошондой эле эсиңизде болсун: чыныгы эркек кишинин аскердик билети болушу керек", - деди полковник Хромов.
Колдонуучулардын көпчүлүгү аскер комиссариатынын демилгесин оң баалашып, айрымдары мүмкүн болуучу аскер кызматчыларынын баракчаларына шилтемелерди калтырышты.
Ошол эле учурда полковниктин чакырыгына бир гана кыздар эмес, досторунун баракчаларына шилтеме калтырган бир нече жигиттер да жооп кайтарышкан.